Бишкекте патрулдук милициянын ишине онлайн баа берүү жүрүп жатат

«Реформа жана жыйынтык үчүн» жарандык бирикмеси Бишкек шаарынын жарандары үчүн патрулдук милициянын ишине баа берүү боюнча онлайн сурамжылоо жүргүзүүдө.

 

Жарандык бирикме кабарлагандай, онлайн сурамжылоо Бишкекте өзгөчө абал киргизилген убактагы милициянын аракетине баа берүүгө багытталган. Сурамжылоо анонимдүү жүргүзүлөт жана жыйынтыгы сунуш катары тийиштүү органдарга жөнөтүлөт. Онлайн сурамжылоого катышуу үчүн бул жакты басыңыз.

Бишкек шаарында 11-майдан баштап өзгөчө абал режими токтотулган. Бирок өзгөчө кырдаал режими уланууда. Шаарга кирүүдө айрым карантиндик посттор иштеп жатат. Ошондой эле патрулдук милиция карантин эрежелерин бузгандарга көз салмакчы.