Бул жумада турукташып жаткан ысык аба-ырайына байланыштуу, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт

Бул жумада турукташып жаткан ысык аба-ырайына байланыштуу, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, куткаруучулар учурда Сузак районундагы Көк-Арт, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорундагы Кара-Дарыя жана Базар-Коргондогу Кара-Үңкүр дарыяларына өзгөчө көңүл бурушууда.

 

Ведомство жетекчиси сел жүрүү жана суу каптоого байланыштуу чукул кырдаалдарды алдын алуу үчүн иш-чараларды аткарууну тапшырды.