Майк Тайсон менен Рой Жонстун беттеши 28-ноябрга жылдырылды.
The Ring басылмасы билдиргендей, буга чейин 8 раундга белгиленген беттеш
12-сентябрда Калифорнияда өтөрү айтылган. Бирок белгисиз себептерден улам жылдырылган.
Кошумчаласак, Тайсон акыркы ирет 2005-жылы ирландиялык Кевин Макдрайт менен беттешке чыгып,
жеңилүү ызасын тарткан. Ал эми анын атаандашы дүйнөнүн экс-чемпиону
Рой Жонс 2018-жылы карьерасын жыйынтыктаган.