Октябрдын аягында көмүр арзандайт.
Учурда өлкө калкы жеткирүү кызматын кошкондо кара отундун тоннасын
5 миң 500 сомдон сатып алууда. Бирок, жакынкы 20 күндө көмүрдүн наркы
төмөндөйт, — деп “Кыргыз көмүр” мамлекеттик ишканасынын директору
Мирлан Жакыпов ишендирүүдө. Анын айтымында, бул жыл сайын
кайталанчу тенденция. Бүгүнкү күңдө Кара-Кечеден суткасына
450 унаа көмүр чыгарылууда. Өлкөдөгү кампаларда кара отун
канчалык көп болсо, баалар ошончо төмөн болот. Андан тышкары,
учурда суроо-талап жогору болуп жаткандыктан отундун баасы
кымбат болууда. Өлкө калкынын көбү көмүр сатып алгандан
кийин, ага болгон муктаждык төмөндөйт жана баалар түшөт.