Кыргызстанда сүт өндүрүүнү көбөйтүү үчүн фермерлерге 2 миллион доллар берилди. Каржы министрлиги “Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу” долбоорунун үчүнчү компонентин аяктады.
Анын алкагында, 2019-жылдан 2021-жылга чейин 2 миңден ашык адамга күрөөсүз жана насыясыз 2 миллион доллар берилген. Дыйкандар акчаны атайын белгиленген графикке ылайык кайтарып беришет.