Быйылкы жылы инфляция болжол менен 10 пайызды түзөт

Быйылкы жылы инфляция болжол менен 10 пайызды түзөт. Бул тууралуу улуттук валютанын 30 жылдыгына арналган иш-чаранын жүрүшүндө өлкөнүн башкы каржы мекемесинин расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

 

Ал белгилегендей, дүйнөдөгү азыркы кырдаалды эске алганда, кээ бир тобокелдиктер сакталып кала берет.

 

«Улуттук банк рынокко ар дайым мониторинг жүргүзүп, улуттук валютаны кармап туруу боюнча өз убагында чараларды көрүп, бардык инструменттерин колдонууда”, — деди Аида Карабаева.