Кыргызстандын окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңишти
Кыргызстандын окуучулары эл аралык олимпиадада 7 медаль жеңишти. Кыргызстандын командасы 28 окуучудан түзүлдү. Мелдеш Казакстандын Алматы шаарында математика, информатика жана физика сабактары боюнча өттү. Аталган олимпиадага 20 өлкөдөн 500дөн ашык окуучу катышты. Бул олимпиада 2005-жылдан тартып 15 өлкө арасында өтүп келет.