Кыргызстандын каскадерлору катышкан «Мулан» анимациялык тасмасы сентябрь айында онлайн көрсөтүлөт

Кыргызстандын каскадерлору катышкан «Мулан» анимациялык тасмасы сентябрь айында онлайн көрсөтүлөт. Киного кыргызстандык Эрлан Жанышбек уулу, Мурат Бурханов, Дамир Ашимов жана Нургазы Мамаражап уулу тартылган. Walt Disney компаниясы тасманын бет ачарын түз эфирден белгиленген суммада АКШда жана башка аймактарда көрүүчүлөргө тартуулайт. Ал эми канал жеткиликтүү эмес… Кененирээк…

Шанхай эл аралык кино фестивалында Кыргызстандын эки тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот

Шанхай эл аралык кино фестивалында Кыргызстандын эки тасмасынын дүйнөлүк премьерасы болот. Бул тууралуу Кыргызфильм билдирет. Белгилүү болгондой, режиссер Артык Сүйүндүковдун «Шамбала» жана Эмиль Атагелдиевдин «Көл» тасмалары тандалып алынды. Шанхайдын тургундары фестивалдын бардык тасмаларын кинозалдардан көрө алышат. Бирок чет элдик катышуучулар карантиндик чектөөлөрдөн улам иш-чарага катыша алышпайт.

Ордо калаадагы театрлар 1-августтан баштап кадимки режимде иштеши ыктымал

Ордо калаадагы театрлар 1-августтан баштап кадимки режимде иштеши ыктымал. Маданият министри Азамат Жаманкуловдун айтымында, эпидемиологиялык абал турукташпаса алар онлайн режиминде ишин улантат. Учурда Чыңгыз Айтматов атындагы орус драма театрынын rusteatr.kg сайтына кирип, спектаклдерди көрсө болот. Ошондой эле ар бир театрдын өзүнүн сайты иштеп жатат. Жаманкулов… Кененирээк…

Ырчы Асель Кадырбековага операция ийгиликтүү жасалды

Ырчы Асель Кадырбековага операция ийгиликтүү жасалды. Бул тууралуу Травматология жана ортопедия изилдөө борборунун директору Сабырбек Жумабеков билдирди.   Ал белгилегендей, операциядан кийин Кадырбекова кыймылдап, алгачкы кадамдарын жасай баштады. Учурда абалы жакшы. Эске салсак, Асель Кадырбекова 26-июнда жол кырсыгына кабылып, комага түшүп калган.

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары кийинки жылга жылдырылды

Түркияда өтө турган Көчмөндөр оюндары кийинки жылга жылдырылды. Бул тууралуу Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынан билдиришти. Буга чейин IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Бурса шаарында өтөрү маалым болгон. Масштабдуу иш-чара Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет.

Кыргыз режиссёрунун «Көл» тасмасы Кытайдагы ири фестивалга чакыруу алды

Кыргызстандык режиссёр Эмил Атагелдиевдин «Көл» аттуу тасмасы Шанхайда өтө турчу абройлуу эл аралык кинофестивалга катышат. Бул туурасында Кинематографисттер союзунун катчысы, фильмдин со-продюсери Талант Төлөбеков билдирди.   Аталган кино Shanghai International Film Festival 2020 (SIFF) деп аталган Кытайдагы ири кинофестивалга чакыруу алган. Ал 23 жылдан бери… Кененирээк…

“Курманжан датка” тасмасы түрк тилине которулуп Түркиянын телеканалдарында көрсөтүлөт

“Курманжан датка” тасмасы түрк тилине которулуп Түркиянын телеканалдарында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти. “Түрк тилине которуп үн коштоосу үчүн видеоматериалдар жана үн файлдарын өткөрүп берүү боюнча келишимге кол коюлду жана тасманы түрк телеканалдарында көрсөтүүгө уруксат берилди. Келишимге ылайык түшкөн киреше чыгымдар кармалып алынгандан… Кененирээк…

Бишкекте ата мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат

Бишкекте ата мекендик сүрөтчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү өтүп жатат. Ордо калаадагы Карасаев көчөсүндө Санкт-Петербург жана Москва шаарларынан билим алып келген искусство өкүлдөрүнүн картиналары коюлду. Республиканын сүрөтчүлөрү чет өлкөлөрдө таанымал. Алардын эмгектери бир катар публикацияларда белгиленген. Ал эми презентация коомдун көңүлүн искусствого бурдуруу максатында уюштурулуп жатат. Жарнама… Кененирээк…

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд негизделди

Элмирбек Иманалиев атындагы коомдук фонд негизделди. Маалыматты төкмө акындын кызы, фонддун негиздөөчүсү Айзуура Иманалиева билдирди. «Ый менен адамды артка кайрый албайт экенбиз. Мындай оор жоготууну экинчи ирет жашап жатабыз. Түшүмдѳ атамды кайрадан тирилтүү менен убарамын. Мындайда ойгонгум келбейт Бирок ѳзүмдү колго алып, экинчи ѳмүрүн узак жылдарга жашатууну тилек… Кененирээк…

Кыргызстан Обондорунда өлкөнүн  алгачкы улуттук “Акыркы коңгуроосу” өтөт

Кыргызстан Обондорунда өлкөнүн  алгачкы улуттук “Акыркы коңгуроосу” өтөт. Анын алкагында бир күн бою быйыл мектепти аяктаганына 10, 20, 30 жыл болгон атактуу инсандар эфирдин коногу болуп, кызыктуу окуучулук күндөрүн эске салышат.   Шоу эртең мененки саат 8де башталат, ал эми салтанаттуу линейка саат 10до. Кызыктарга,… Кененирээк…