Кыргызстанда ноябрдын аягына карата орточо айлык  16 миң 586 сомду түздү

Кыргызстанда ноябрдын аягына карата орточо айлык  16 миң 586 сомду түздү. 2018-жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 5,3 пайызга көп, — деп билдирди Улуттук статистика комитетинин төрагасы Акылбек Султанов. Анын айтымында, маянанын көбөйүшү экономикалык ишканалардын бардыгында байкалууда.   Алсак, курулуш тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 12… Кененирээк…

Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон кесиптер аталды

Кыргызстанда суроо-талапка ээ болгон кесиптер аталды. Социалдык өнүгүү министринин орун басары Камалдин Токтосартовдун айтымында, учурда чач тарачтар, бухгалтерлер, программисттер, IT-технологдор, тигүүчүлөр, ашпозчулар, кеңсе менеджерлери, электриктер жана айдоочулар дайым жумуш таба алышат.   Токтосартов белгилегендей, быйыл жогорку окуу жайларда дал ушул кесиптерге басым жасалат.

Панфилов районунун Кайыңды шаарчасында жаңы стадион колдонууга берилди

Панфилов районунун Кайыңды шаарчасында жаңы стадион колдонууга берилди. “Турмуш” өкмөттүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө шилтеме келтирип билдиргендей, спорт аянчасынын узундугу 107 метр болсо, кеңдиги 68 метрге жетип, 510 адамга эсептелет.   Курулуш иштерге жалпысынан  16 миллион сом бөлүнгөн.

Бишкектеги Түштүк магистраль Сокулук районуна чейин жеткирилет

Бишкектеги Түштүк магистраль Сокулук районуна чейин жеткирилет. Бул тууралуу капиталдык курулуш башкармалыгынын начальнигинин милдетин убактылуу аткаруучу Улан Уезбаев билдирди.   Анын айтымында,  бул ордо калаадагы айланып өтүүчү трасса болот. Аны колдонууга берүү менен, шаардын борбордук бөлүгүн унаалардан бошотуу пландалууда. Учурда жумуштарды аткаруучу компанияны аныктоо үчүн… Кененирээк…

Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу иштери уланууда

Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу иштери уланууда. “Бишкексвет” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Төрөкул Айтматов, Репин, Ат-Башы көчөлөрүнө, 7-жана 10-кичи райондорго жарык диоддук чырактарды орнотту.   Ошондой эле, 7-апрель-Ахунбаев көчө кесилишинде шам чырактар алмаштырылды.

Бишкек мэриясы коомдук транспортту электрондук билеттештирүү системасына толук кандуу өткөрүүгө даярданууда

Бишкек мэриясы коомдук транспортту электрондук билеттештирүү системасына толук кандуу өткөрүүгө даярданууда. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда тесттик режим жүрүп жатат.   Анын алкагында валидаторлор жана “Тулпар” карталары текшерилүүдө. Ошондой эле автобус, троллейбустардын айдоочулары атайын окутуудан өтүп жатат. Ордо калаа бийлигинен белгилешкендей, электрондук карталарды алган жарандар катачылыктар тууралуу… Кененирээк…

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара тилкелерин алмашуу суроосун караштырып баштады

Кыргызстан Тажикстан менен чек ара тилкелерин алмашуу суроосун караштырып баштады. Жумушчу топторго Баткен районунун Исфана шаары менен ортосундагы аралыгында алмашууга ылайыктуу варианттарды 1-мартка чейин тактоо тапшырмасы берилди.   Белгилеп кетсек, жер алмашуу кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу жолугушуунун алкагында жетишилген протоколдо белгиленген. Сүйлөшүүлөрдү өткөрүү… Кененирээк…

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүй облусунун айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Тыныстанов, Мичурин, Панфилов, Фатьянов, Кулатов, Ибраимов көчөлөрүндө, Арча-Бешик, Аламүдүн-1 кичи районунда жана Шопоков, Беловодское, Военно-Антоновка айылдарында жок болот. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз курулуштарды түрттүрүү уланууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул ирет жер колдонуу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерлери 4-кичи райондогу сулуулук салонунун курулушун алышты.   Ал тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталды. Андан тышкары, Абдрахманов-Киев көчөлөр кесилишинде тосмо алынды. Бул жатта ишштер дагы уланат, — дешти мэриядан.

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү уланууда

Бишкек ЖЭБине көмүр жеткирүү уланууда. “Электр станцияларынан” билдиришкендей, отун жеткирүү графикке ылайык аткарылып жатат. Кечээ 5 миң 300 тонна көмүр алынып келинди.   Эске салсак, кышкы сезонду ийгиликтүү өткөрүү үчүн ордо калаа ЖЭБине 1 миллиондон ашык кара отун  даярдоо пландалган, анын 400 миң тоннасы казакстандык… Кененирээк…