Бишкек мэриясы универсалдуу унааларды сатып алат

Бишкек мэриясы универсалдуу унааларды сатып алат. Транспорт каражаттары өтө чоң эмес болуп, тротуарларды дагы тазалоого ылайыкталган. Учурда ордо калаада мындай машинелердин 4 даанасы бар.   Азырынча, техника качан алынып келинет, белгисиз. Кошумчаласак, аталган универсалдуу унаалар шаар аймагын жыйнап-тазалоо боюнча бир топ жумуштарды аткарууга шарт түзөт.

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатуу көлөмү былтыр   9 пайыза өстү

Кыргызстанда кыймылсыз мүлктү сатып алуу жана сатуу көлөмү былтыр   9 пайыза өстү. Акчалай түрдө бул  2018-жылга салыштырмалуу, 17 миллиард сомго көп болду, — деп билдиришти Жер ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктен.   Эң мыкты көрсөткүчтөр Ош жана Жалал-Абад облустарында катталды. Анын ортосунда, Талас, Баткенде тескерисинче, төмөндөө… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус катталды деп жалган маалымат таркаткандарга карата чара көрүлөт

Кыргызстанда коронавирус катталганы боюнча маалымат чындыкка  дал келбейт. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Белгилеп кетсек, акыркы күндөрү өлкөдө жаңы вирусту жуктуруп алгандар болуп жатат деген билдирүүлөр социалдык тармактарда тарап жатат.   Жалган маалымат жайылткандарга карата чара көрүлөт, — деп буга чейин милициядан… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Бейшеналиева, Айни, Москва көчөлөрүндө, Ак-Тилек, Рухий-Мурас, Эне-Сай конуштарында, Чыгыш-5 кичи районунда жана Пригородное, Маевка, Военно-Антоновка, Шопоков айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Сооронбай Жээнбеков чек арадагы көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүн модернизациялоо боюнча документке кол койду

Сооронбай Жээнбеков чек арадагы көзөмөл-өткөрүү түйүндөрүн модернизациялоо боюнча документке кол койду. Кеп Кыргызстан тарабынан Евразия экономикалык биримдиги боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө болуп жатат.   Ага ылайык, Кыргызстандын өткөрүү түйүндөрүн Евразия экономикалык бирлигинин бажы талаптарына шайкеш келтирүү мөөнөтү 2021-жылдын 12-августуна… Кененирээк…

40 миң куб метр кар массалары атып түшүрүлдү

Артиллериялык куралды колдонуп 40 миң куб метр кар массалары атып түшүрүлдү. Бул тууралуу Кыргыз гидрометтен novosti.kg ге билдиришти. Маалыматка ылайык, өлкөдө катталган жаан-чачындан улам кар көчкүлөрдү атайы атып түшүрүү зарылдыгы келип чыкты. Бишкек-Ош унаа жолунун 137-198 жана 255-чакырымдарында 30-январга чейин кар массаларын атайы атып түшүрүү… Кененирээк…

Бишкек — Кара-Балта унаа жолуна жакын жайгашкан объектилер боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Бишкек — Кара-Балта унаа жолуна жакын жайгашкан объектилер боюнча түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Москва райондук архитектура башкармалыгынан “Турмуш” басылмасына билдиришти. Маалыматка караганда, Бишкек – Кара-Балта трассасы Александровка айыл аймагынын ортосунан өтөт. Мындан улам, алардын жеке менчик дүкөндөрү жана контейнерлери курулушка тоскоолдуктарды жаратууда. Жалпысынан жолго… Кененирээк…

Ушул жылы Ошто 80 миң акылдуу эсептегич орнотулат

Ушул жылы Ошто 80 миң акылдуу эсептегич орнотулат. Бул тууралуу «Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасынын төрагасы Айтмамат Назаров билдирет. Анын айтымында, 2020-жылга «Бирдиктүү чалуу борборду» киргизүү, «акылдуу» эсептегичтерди орнотуу жана заманбап маалымат технологиялардын алдыңкы продукцияларын өндүрүштө колдонуу башталат. Ошондой эле GIS программасын колдонууда же болбосо компаниянын… Кененирээк…

Кыргызстан — Кытай каттамдары толугу менен токтоду

Кыргызстан — Кытай каттамдары толугу менен токтоду. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирет. Анын айтымында, 23-январдан баштап бардык каттамдарга чектөө киргизилди. Өзгөчө көңүл «Торугарт» — «Иркечтам» бекеттерине бурулууда. Кытай Жаңы жылга байланыштуу дайыма ушул маалда чектөө киргизет. Бирок ал чектөө дагы күчөтүлдү. Ал жерде адамдардын… Кененирээк…

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү зарылдыгы пайда болду

Артиллериялык куралды колдонуп, кар көчкүнү мажбурлап түшүрүү зарылдыгы пайда болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлайт. Маалыматка ылайык, Бишкек-Ош унаа жолунун 137-198-255-чакырымдарында 26-январдан 31-январга чейин кар массаларын атайы атып түшүрүү иштери жүрөт.