Бишкекте банкоматтан акча алган аялды артынан аңдып, тоногонго шектүү жаран кармалды

    Бишкекте банкоматтан акча алган аялды артынан аңдып, тоногонго шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, окуя өткөн айда болгон. Бул тууралуу видео үйлөргө орнотулган камераларга түшүп калган. Анда белгисиз адам Тунгуч кичи районундагы көп… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда

Бишкекте мыйзамсыз объектилерди түрттүрүү уланууда. Бул максатта текшерүүлөр жүргүзүлүп келет. Анын алкагында Муромская көчөсүндө 2 контейнер жана бир ашкана түрттүрүлдү.   Алар тиешелүү документтери жок эле тургузулганы аныкталды. Ээлери менен түшүндүрүү иштери аткырылды.  Мэрия бул жатта иштерди улантат.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Россиядан кошумча 500 миллион доллар албайт

Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду Россиядан кошумча 500 миллион доллар албайт. Мекеменин төрагасы Эркин Асрандиевдин айтымында, учурда фонд өзүнүн капиталын көбөйтүү аракетинде, андыктан карызга каражат алуу суроосу жылдырылды.   Асрандиев эске  салгандай, фонддун уставдык капиталын түзүү үчүн Россия биринчи траншын кайтарымсыз негизде берген. Ал эми кошумча акча… Кененирээк…

Кыргызстанга автогаз жеткириле баштады

Кыргызстанга автогаз жеткириле баштады. Бул тууралуу novosti.kgге Мунай ташуучулар ассоциациясынын жетекчиси Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, өлкө аймагында отундун жетишсиздиги боюнча суроо толугу менен ушул жумада чечилиши керек.   Эске салсак, өткөн аптада өлкөнүн айрым май куюучу станцияларында автогаз түгөнө баштаса, кээ бирлеринде узун кезектер… Кененирээк…

Бишкектиктер дээрлик жарым миллион сомго санитардык нормаларды бузушкан

Бишкектиктер дээрлик жарым миллион сомго санитардык нормаларды бузушкан. Бул тууралуу ордо калаа мэриясынан билдиришти. Экологиялык инспекция райондук акимиаттар менен биргеликте күн сайын шаарда рейд жүргүзөт.   Жыл башынан бери алардын алкагында 46 протокол түзүлдү. Мыйзам бузгандардын арасында курулуш компаниялары жана дүкөндөр бар. Мэрия эскертет: таштандыгы… Кененирээк…

Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу уланууда

Бишкекте көчө жарыгын жаңыртуу уланууда. Мэриядан билдиришкендей, Ак-Тилек конушунда көчөлөрдү жарыктандыруу иштери соңуна чыгып, жалпысынан   48 жаңы диоддук лампалар ортнотулду.   Алар буга чейинки шамдарга караганда сапаттуу жана көп убакыт иштеп, аз энергия сарптайт. Бул жаатта иштер ордо калаанын борбордук көчөлөрдө дагы уланууда.

Бишкектеги №1 абак Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт

Бишкектеги №1 абак Чүй облусунун Ысык-Ата районуна көчүрүлөт. Тагыраагы Нооруз айылындагы №50 абактын аймагында болот. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын жетекчисинин орун басары  Аскат Эгембердиев билдирди. Анын айтымында, №1 убактылуу кармоочу жай 80 жыл мурда, шаардын инфраструктурасы өнүгө электе курулган. Азыр шаарда ички миграцияга байланыштуу… Кененирээк…

Жакынкы арада Түркия жана Казакстанда өкүлчүлүк ачуу пландалууда

Жакынкы арада Түркия жана Казакстанда өкүлчүлүк ачуу пландалууда. Бул иштер жарандардын мыйзамдуу ишке орношуусун шарттайт. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын башчысынын орун басары Самат Токтоболотов билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы жеке агенттик аркылуу 8 миң кыргызстандык Түркияга мигрант болуп кетти. Учурда жеке агенттик аркылуу Кыргызстан… Кененирээк…

Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт

Кыргызстанда биометрикалык жалпы жарандык паспорт 2021-жылдан тартып бериле баштайт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз катчысы Адилет Бейшеналиев билдирди. Анын айтымында, буга чейинки тендердин жыйынтыгын жокко чыгарган сот чечими жаңы сынак жарыялоого жол ачты. Бул чечим 2020-жылы сүйлөшүү жүргүзүүгө, тендер жарыялоого, биометрикалык паспорт киргизүү… Кененирээк…

Кыргызстан Кытайдан келген өсүмдүктөр импортун 1-февралга чейин токтотту

  Кыргызстан Кытайдан келген өсүмдүктөр импортун 1-февралга чейин токтотту. Бул тууралуу Өсүмдүктөр карантини департаментинин директору Илич Марсбек уулу билдирет. Анын айтымында, башкы себеп тараган вируска байланыштуу. Учурда биздин айыл-чарба продукцияга анализ жүрүүдө. Анын жыйынтыгына жараша чечим кабыл алынат. Эгерде чектөөлөр ата-мекендик рынокко терс таасирин тийгизсе,… Кененирээк…