Чүй облусунда дагы эки мектеп карантинге жабылды

Чүй облусунда дагы эки мектеп карантинге жабылды.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, мындай чечим мектептерде балдардын 20 пайызы окууга келбей жаткандыктан кабыл алынды.

Буга чейин Аламүдүн районундагы төрт мектеп карантинге алынганы кабарланган.

Декабрдын алгачкы күндөрүндө балдардын вирустук жугуштуу оорулары 1,5 эсеге көбөйгөн.

Ушул тапта ооруп жаткандардын 70 пайызга чукулу 14 жашка чейинки балдар.