Ипотекалык насыясы барларга Социалдык фонд 250 млн сом төлөп берди

Ипотекалык насыясы барларга карызын жабуу үчүн Социалдык фонд бүгүнкү күндө 250 миллион сом төлөп берди.

Пенсиянын топтолгон бөлүгү жарандарга кандай шартта берилерин Novosti.kgге ведомство жетекчиси Бактияр Алиев түшүндүрүп берди.

“Бул наличка алынбайт.

Мамлекеттик ипотекалык компания бизге счет берет.

«Банктан бул эсепке которуп бересиңер» деп.

Анан биз которуп беребиз.

Бирок акча колго берилбейт”.

Белгилеп кетсек, өлкөдө эми ипотекалык насыясы барлар карыздын негизги суммасын же кредит боюнча пайыздарды төлөө үчүн пенсия үчүн чогулган акчасын пайдалана алышат.

Ал үчүн жеке камсыздандыруу эсебинде 50 миң сомдон кем эмес сумма болууга тийиш.