Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында “Жүрөгүм менин тоолордо” аттуу сүрөт көргөзмө ачылды.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, аны өлкөнүн БУУдагы Туруктуу өкүлчүлүгү уюштурду.
23-декабрга чейин улана турган көргөзмөгө Кыргызстандын тоолуу аймактары тартылган сүрөттөр коюлган.
Иш-чара Тоолордун эл аралык күнүнө карата өтүп жатат.