Бишкек ЖЭБинде эч кандай авария болгон жок

Бишкек ЖЭБинде эч кандай авария болгон жок.

Бул тууралуу ишкананын директору Андрей Воропаев билдирди.

Анын айтымында, биринчи подстанциянын коргонуучу системасы

иштеп кеткендиктен ЖЭБден буу чыкты. Ал түтүн эмес. 

Андыктан, кабатыр болууга эч кандай негиз жок.

Буунун чыгышы буу казандын жарылып кетпеши үчүн.

Учурда калыбына келтирүү иштери 75 пайызга аяктап калды,

бир сааттын ичинде баары жайында болот, — деп убадалады Воропаев.