Алайда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыргызстан менен Кытайдын чектешкен жеринде очогунда күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталганын Сейсмология институту билдирди.

Силкинүүнүн күчү Ош облусуна караштуу Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында 6 балл, Көк-Суу айылында 5 балл болуп сезилген. Мындан тышкары, Кара-Киндик, Кичи-Каракол, Чий-Талаа, Кызыл-Алай, Арча-Булак айылдарында 4 балл, Гүлчө, Суфи-Курган, Таш-Короо, Кара-Шоро айылдарында жана Ош шаарында 3 баллга жеткен.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги берген алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.