Чаткалда кендин эки жумушчусу иске ууланып каза болду, үчөө ооруканага түштү

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районундагы алтын кендеринин биринде эки жумушчу иске ууланып каза болду, дагы үчөө ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы “Азаттыкка” билдирди.

 

Кырсык 11-октябрдын түнү болгон. Маалыматка караганда, 37 жана 24 жаштагы эки адам иске ууланып каза болгон. Үч киши Ала-Бука аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алар Ала-Бука жана Чаткал райондорунун тургундары. Милиция фактынын чоо-жайын териштире баштады.

 

Жергиликтүү тургундар каза болгондор жана ооруканага түшкөндөр Иштамберди алтын кенин иштеткен кытайлык «Фул Голд Майнинг» компаниясынын жумушчулары экенин айтышты.

 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги буга чейин 11-октябрда түнкү саат 02:30га жакын кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтанын ичинде газ чыкканын айтып кайрылганын, анын ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылганын билдирген.