Чет элдик валюта өскөнүнө байланыштуу, эл аралык каттамдардын билеттери кымбаттап жатат

Чет элдик валюта өскөнүнө байланыштуу, эл аралык каттамдардын билеттери кымбаттап жатат.

 

Бул тууралуу Жарандык авиация департаментинен билдиришти. Маалыматка караганда, Аба транспортунун эл аралык ассоциациясы валютанын учурдагы баасына ылайыктап улам эсептөөлөрдү жүргүзүп турат. Ведомство учурда Россияга каттамдарды көбөйтүү үчүн сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

 

Эгер авиарейстер көбөйсө авиабилеттин тарифи төмөндөмөк. Көп нерсе Украинадагы абалдан көз каранды, — дешти департаменттен.