Кытайдан Кыргызстанга келген 54 айдоочуда коронавирус аныкталган жок

Кытайдан Кыргызстанга келген 54 айдоочуда коронавирус аныкталган жок. Бул тууралуу 24 агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

 

Ведомствонун маалыматына ылайык, айдоочулар Кытайдын карантин киргизилген Топо жана Уулчат шаарларынан Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлеринин жардамы менен жеткирилди. Мекендештер карантинге тиешелүү мөөнөттө ооруканада болуп, вирус аныкталбагандыктан, үйлөрүнө кое берилди, — дешти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.