Казакстанда карантин июлдун аягына чейин узартылып, муктаждарга 42 миң 500 тенгеден берилет

Казакстанда карантин июлдун аягына чейин узартылып, муктаждарга 42 миң 500 тенгеден берилет. Бул тууралуу президент Касым-Жомарт Токаев билдирди. Эске салсак, пневмония жана коронавирус күч алгандыктан, Казакстанда 5-июлдан тарта эки жумалык карантин киргизилген.

 

Бардык ишканалар жабылып, кыймылга чектөөлөр киргизилген. Ошондой эле облус аралык коомдук транспорт токтотулган болчу.