Улуттук банк бул жылдагы алгачкы интервециясын өткөрдү

Улуттук банк бул жылдагы алгачкы интервециясын өткөрдү. Жалпысынан,  30 миллион доллардан ашык сатылды. Бул акыркы 2 айдагы эң ири каржылык операция болуп калды. Белгилеп кетсек, Улуттук банк интервенция үчүн өлкөнүн эл аралык резервдерин колдонот.

 

Долларды сатып алуу жана сатуу валюта серпилүүсүн алдын алуу үчүн жасалат. Бүгүнкү күндө ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 69 сом 70 тыйындан сатып алып, кайра 69 сом 90 тыйынга сатышууда.