АКШда жолго акча чачылды

АКШда жолго акча чачылды. Окуя Калифорниядагы трассаларындын биринде катталды. Акча ташып бара жаткан фургондун эшиктери ачылып кетип, ичиндеги  1 жана 20 долларлык банкноталар чачылган.

 

Муну көргөн айдоочулар токтоп, акчаны чогултуп, трассадагы кыймылды блоктоп салышты. Абалды жөнгө салуу үчүн полиция кызматкерлери бир нече адамды камакка алууга аргасыз болду. Акчаны алып кетүүгө жетишкендерге, кайтарып берүүгө убакыт берилди.