Дүйнө чемпионатынан Кыргызстан капчыгына дагы бир алтын түштү

Дүйнө чемпионатынан Кыргызстан капчыгына дагы бир алтын түштү.

Мээрим Жуманазарова Норвегиянын Осло шаарында өтүп жаткан күрөш

боюнча дүйнө биринчилигинде чемпион аталды. Биздин балбан 68 килограмм

салмакта күч сынашып,  финалдык беттеште япониялык Рин Мияжини утуп алды.

Эске салсак, буга чейин аталган чемпионаттан өлкө капчыгында 1 алтын,

1 күмүш жана 2 коло бар болчу. Кыргызстан медалдык зачетто 5 орунда болчу.