Кыргызстандын бардык жолдору унаа кыймылына ачык

Кыргызстандын бардык жолдору унаа кыймылына ачык. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти. Жолчулар трассаларды кардан тынбай тазалап, инерттүү материал себилип жатат.

 

Тоолуу аймактарга сапарга чыга турган айдоочуларга эрежелерди так сактап, ылдамдыкты жогорулатпай, маңдайкы тилкеге чыкпай жүрүү сунушталат.