Дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын рейтинги жарыяланды

Амман шаарынын стратегиялык изилдөө ислам борбору дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын

тизмесин жарыялады. Рейтингде 1-орунду Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган ээледи.

Андан кийинки орундарда Сауд Арабиянын падышасы Салман ибн Абдул-Азиз жана 1989-жылдан бери

Ирандын жогорку жетекчиси Аятолла Сайид Али Хаменеи турат. Ошондой эле анда Англиянын

«Ливерпуль» клубунун египеттик футболчусу Мохаммед Салах жана UFC’нин

жеңил салмактагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов бар.