Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз ссуда берет

Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 миллион доллар өлчөмүндө пайызсыз ссуда берет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары министри Динара Кутманова билдирди.

 

Анын айтымында, бул сумманын 16 миллионун Бишкек мэриясы ирригация тармагына багыттайт.

 

Дагы 34 миллион доллар “Кыргызгидрометти” заманбап жабдуулар менен камсыздоого жумшалса, анча чоң эмес сумма көмүрдүн сапатын текшерүүчү лабораторияны ачууга багытталат. Кутманова белгилегендей, республика бул ссудагы 10 жылдан кийин бөлүп төлөп баштайт.