Ден-соолук чың болушу үчүн жумасына 3 жолу активдүү кыймыл аракетте болуу жетиштүү

Ден-соолук чың болушу үчүн жумасына 3 жолу активдүү кыймыл аракетте болуу жетиштүү. Дарыгерлердин айтымында, дайым активдүү жашоо образында жүрүү жүрөктүн булчуңдарын кан менен камсыздоону жакшыртып, артериалдык кан басымды жөнгө салып, денеге майдын топтолушуна жол бербейт, стресстен жана нервдик чыңалуудан арылтат.

 

Жумасына 3 жолу 30 мүнөттөн кем эмес таза абада көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат.

 

Эң жакшысы — сууда сүзүү, тез басуу, велосипед тебүү, чуркоо, бийлөө жана машыгуу залындагы каражаттарды колдонуу болуп саналат.