Улуттук тарых музейинде жаңы экспонат пайда болду – алтын комуз. Аспапты алгач Марат Берикбаев жасады, андан кийин зергер Али Мамарасулов аны алтын менен каптады.
Чеберлер жасалгасын музейге белек кылууну туура көрдү. Берикбаевдин айтымында, ал 5 уникалдуу комуз жасап, бирин “Сулайман-Тоо” археологиялык музей-комплексине белекке берсе, калгандарын ар кандай сынактардын жеңүүчүлөрүнө ыйгарды.