Депутаттар бир күндүк маянасын Самат Курманкуловдун дарылануусуна которот

Жогорку Кеңештин депутаттары бир күндүк маянасын Чүй облустук милициясынын мурдагы башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна которот.

Парламенттин бүгүнкү, 16-ноябрдагы жыйынында депутаттардын баары, тактап айтканда, 51и бир күндүк айлык маянасын которууга макулдугун берди.

Самат Курманкулов 2019-жылдын 7-8-август күндөрү Кой-Таш окуясы учурунда башынан жаракат алган.