Сузактагы чакан ГЭСтин курулушу аяктап калды.
Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жумуш учурда дээрлик 90 пайызга жакындады.
Жеке ишкер тарабынан курулушу өткөн жылы башталган гидроэлектрстанция үч айылды электр энергия менен камсыз кылат деп болжолдонууда.
Анын кубаттуулугу саатына 2 миң 400 кВтка чейин жетет.
Белгилеп кетсек, облус аймагында жалпы 23 чакан ГЭС куруу долбоору даярдалган.
Учурда Сузак, Базар-Коргон жана Токтогул райондорунда курулуш иштери жүрүүдө.