“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети бардык мектептердин 9-класстарына киргизилди

“Диндердин өнүгүү тарыхы” предмети бардык мектептердин 9-класстарына киргизилди. Кыргыз тилдүү мектептерге окуу куралдары таратылды. Ал эми орус, тажик жана өзбек тилдериндеги китептер жакында эле которулуп, учурда басылып жатат.

 

Эске салсак, жаңы предмет ушул окуу жылдын башталышы менен киргизилди.

 

Анын негизги максаты – дүйнөлүк диндер боюнча окуучуларга толук жана жеткиликтүү маалымат берүү, — дешти Билим берүү министрлигинен.