Кыргызстанда бир-эки айдын ичинде 35 мамлекеттик дарыкана ачылат

Кыргызстанда бир-эки айдын ичинде 35 мамлекеттик дарыкана ачылат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

 

Маалыматка ылайык, учурда адистер элге керектүү дары-дармектин тизмесин даярдап, аны кайсы жактан алууну тактап жатат.

 

«Кыргызфармация” мамлекеттик ишканасы аркылуу дары өндүрүүчүлөрдөн дары сатып алынып, арзан жана жогорку сапатта элге жеткиликтүү болот, — деди министр.