Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыялардын кайтаруу мөөнөтүн узартты

Улуттук банк коммерциялык банктарга берген насыялардын кайтаруу мөөнөтүн узартты. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинин сайтындагы маалыматка ылайык,   2018-жылдын май айынан кийин берилген, төлөө мөөнөтү быйыл башталган насыяларды кайтаруу убактысы эки жылга чейин узартылышы мүмкүн.

 

Узартуу тууралуу чечимди Улуттук банк COVID-19 пандемиясы тийгизген зыяндын кесепетин азайтуу жана аймактарды өнүктүрүүгө жардам көрсөтүү максаты менен негиздеди. Коронавирустан улам өлкөдө мекеме-ишканалар токтоп турат.