Дордой-2 конушундагы 60 үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылды

Бишкектеги Дордой-2 конушундагы 60 үй-бүлөгө демөөрчүлөр тарабынан гуманитардык жардам көрсөтүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, ар бир үй-бүлөгө бир кап ун, 25 кг күрүч, 10 кг вермишель, 3 литр коюлтулган сүт, 3 банка консерваланган азыктар, 3 пачка чай жана 5 литр өсүмдүк майы таратылды.

 

«Мындан тышкары демөөрчүлөр ар бир үйгө 15 миң сомдон жана баатирди ижарага алып жашаган 30 үй бүлөгө 10 миң сомдон тапшырышты», — деп белгилешти мэриядан.