Россияда кыргызстандык мигрант аялдарга колдоо көрсөткөн кризистик борбор ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Аталган мамлекеттеги Кыргызстандын элчилигинин алдында ачылган борбор оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандарга, мигрант кыз-келиндерге колдоо көрсөтөт.
Расмий маалыматка ылайык, чет жакта жүргөн мигранттардын 53 пайызы аялдар. Алар көбүнчө укуктук жана моралдык колдоого муктаж экени айтылып келет.