Дубайдын аэропортунда паспорттук көзөмөлдү көз ачып-жумгуча өтсө болот. Бул жерде заманбап биометрикалык система орнотулду, ал жүздү жана көздү бир заматта тааныйт. Паспорттук көзөмөлдү өтүү үчүн болгону 5-9 секунд талап кылынат.
Дубай аэропортунун аймагында мындай 122 система орнотулду. Кызмат 17 жаштан жогору туристтерге жеткиликтүү.