ЕАЭБ аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн бодо малдын этин ташып келүүдө бажы пошлинасы алынбайт.
Айыл-чарба министрлигинин маалыматына ылайык, мындай чечим быйыл жыл башынтан тарта күчүнө кирди.
Эске салсак, былтыр кумшекер, май жана мал ташыгандардан кошумча нарк салыгы алынбай турганы белгилүү болгон.
Демилге азык-түлүккө болгон рыноктук бааны турукташтыруу жана чарбалык субъектилерге колдоо көрсөтүү максатында кабыл алынды.