ЕАЭБ мамлекеттери буудай сатып алууга Россиядан квота алат. Бул тууралуу Экономика министринин орун басары Эльдар Алишеров билдирди. Анын айтымында, мындай макулдашуу Евразиялык экономикалык комиссиянын алкагында жетишилди.
ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өндүрүү-керектөө баланстары 25-мартка чейин тартууланат. Эске салсак, Россия өкмөтү 31-августка чейин өз аймагынан дан чыгарууга тыюу салды. Чектөөлөр буудай, жүгөрү, кара буудай жана арпага тиешелүү.