Кыргызстанда эртең калкты каттоо старт алат

Кыргызстанда эртең калкты каттоо старт алат. Улуттук статистика комитетинен эскертишкендей, процедура милдеттүү болуп саналат жана ар бир жаран комитеттин операторунун суроолоруна жооп берүүгө тийиш.

 

Бул ирет 40тан ашык суроо берилет. Алар миграция, жогорку билим, орточо киреше, интернетке мүмкүнчүлүк, коронавирус жана башка темаларга байланыштуу болот.

 

Өнөктүккө ведомство 28 миң операторду жумушка тартты. Белгилеп кетсек, алыскы аймактарда калкты жана турак-жай фондун каттоо 23-апрелде башталат.