БШК жергиликтүү кеңеш шайлоолоруна бюллетендердин формасын жана коргоо деңгээлин бекитти. Талапкерлердин жана партиялардын тизмеси буга чейин аймактык шайлоо комиссиялары тарабынан кабыл алынган.
Эске салсак, Ысык-Көл, Нарын, Ош, Чүй жана Жалал-Абад облустарындагы айрым жергиликтүү кеңештерин шайлоо өтөт. Добуш берүү 10-апрелге белгиленди.