Кыргызстанда жарандар социалдык батирлер менен камсыз болот

Кыргызстанда жарандар социалдык батирлер менен камсыз болот. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

 

Маалыматка ылайык, мындан ары батир алууну каалаган бардык жарандар үчүн анын жарым баасын алдын ала төлөп үй алууга шарт түзүлөт. Президенттин айтымында, батирдин жарым баасын төлөгөн жаран эки жыл ичинде үйлүү болот жана калган баасын 10-15 жылда төлөөгө мүмкүнчүлүк алат.

 

Мындай чечимди аткаруу милдети Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөлгөнү белгиленди.