Криштиану Роналду жылдын мыкты бомбардири деп аталды

Португалия курамасынын чабуулчусу Криштиану Роналду жылдын мыкты бомбардири деп аталды. 38 жаштагы оюнчу Босния жана Герцеговина командасы менен беттеште дубль жаздырды.

 

Муну менен ал жыл башынан бери клуб жана курамасы үчүн 40 гол киргизип, мыктылыгын көрсөттү. Норвегиянын форварды Эрлинг Холанд 39 голу менен экинчи орунда жайгашат.