Финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу менен алектенгендер эң көп маяна алышат

Кыргызстанда финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу менен алектенгендер эң көп маяна алышат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, аталган тармактарда эмгектенгендердин орточо айлык акысы айына дээрлик 50 миң сомду түзөт.

Ошол эле учурда өткөн жылдын декабрында алар 58 миң сомдон ашык алышкан.

Өз кезегинде эң аз маяна айыл, токой жана балык чарба тармагында иштегендердин арасында белгиленди.

Алар айына 13 миң сомго чейин табышат.