Трамп ультиматум койгон TikTok аны сотко берерин эскертти

TikTok тиркемесинин өкүлү Дональд Трамп алардын өлкөдө иштешине тоскоолдук жараткан жарлыкка кол кое турган болсо, Американын сотуна кайрыла турганын эскертти. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

 

Буга чейин Трамп TikTok кошо кирген ByteDance компаниясына тиешелүү бардык колдонмону, аны менен кошо WeChat тиркемесин өлкөдө иштөөсүнө тыюу салганы айтылган. Бул боюнча жарлык 45 күндөн кийин күчүнө кирмекчи.

АКШ лидеринин оюнда, TikTok жалган нерселерди таратат жана Кытай бийлигине маалымат ташышы мүмкүн. Бул улуттук коопсуздукка, экономикага жана саясатка терс таасирин тийгизет.

 

 

«Биз эч убакта өкмөткө колдонуучулардын маалыматын берген эмеспиз деп айтып эле келе жатабыз. Жадакалса бизнести толугу менен АКШга сатууга даяр экенибизди билдиргенбиз», — деген социалдык тармактын өкүлү.

Компания белгилегендей, алар АКШны макул кылдыруу үчүн бир жылдай убакыт коротконун кошумчалаган. Ошондой эле TikTok Америка өкмөтүн юридикалык эрежелерди бузуп жатканына жана жеке ишкерликке кийлигишкенин сындаган.

 

Кытай компаниясы президенттин жарлыгы АКШнын мыйзамдарына ишенбөөчүлүк жаратып, сөз эркиндиги менен ачык базар түшүнүгүнө доо кетирип жатканын белгилеген.