Forbes дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдарын атады

Forbes дүйнөнүн эң кымбат футбол клубдарын атады. Рейтингдин сап башында мадриддик “Реал” турат, бул клуб 6 миллиарддан ашык долларга бааланат. Экинчи орунда туура 6 миллиард менен анлиялык “Манчестер Юнайтед” турат.

 

Үчилтикти “Барселона” бекитет, анын баасы 5 миллиард доллар. Дүйнөнүн кымбат клубдарынын тизмесине ошондой эле “Ливерпуль”, “Манчестер Сити”, “Бавария” жана ПСЖ кирет.