Бишкектеги Ата-Түрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду

Бишкектеги Ата-Түрк паркына 50 жаңы чырак орнотулду.

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, «Бишкекжарык» муниципалдык ишканасынын кызаткерлери тарабынан 1 миң 80 метр узундуктагы траншея казылып, 50 даана бетон негизи, лампалар жана темир таянычтар орнотулду.

«Натыйжада, парктын аллеясында азыр 40 чырак жанып турат, ал эми афган жоокерлер эстелигинин жанына 10 чырак орнотулду», — деп айтылат маалыматта.