Германияда «Кымыз майрамы» өттү

Германиянын Баден-Вюртемберг федералдык аймагындагы Вальдбрунн айылында жергиликтүү кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган «Кымыз майрамы” өттү.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чара Германиядагы кыргызстандыктардын “Данек” аттуу коому тарабынан уюштурулду жана ага Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев, Германиядан, Австриядан, Чехиядан келген 200гө жакын кыргызстандыктар катышты.

Иш-чарада Германияда жана Австрияда жашап жаткан таланттуу музыканттардын аткаруусунда кыргыз элдик күүлөр жаңырып, кыргыз улуттук оюндар тартууланды.

Майрамга келген конокторго кыргыз улуттук тамактары жана кымыз сунуш кылынды.

«Кымыз майрамы» Вальдбрунн айылында Цольманн аттуу үй-бүлөлүк жылкы чарбасында болуп өттү.

Бул чарба көп жылдан бери кымыз жасап, бээнин сүтүнөн ар кандай косметикалык жана медициналык азыктарды чыгарып, немис калкына тартуулап келет.