Голландияда мектеп окуучуларына гаджет колдонууга тыюу салынат

Кийинки жылдан тарта Голландияда мектеп окуучуларына планшет, телефон жана акылдуу сааттарды колдонууга тыюу салынат.

 

Өлкөнүн Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, гаджеттер алардын окуудагы көрсөткүчтөрүнө чоң таасирин тийгизип, окуу процессине көңүл бурууга тоскоол болууда.

 

Аппараттарды пайдаланууга санариптик көндүмдөр боюнча сабак ​​учурунда гана уруксат берилет.