Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги 215 баланы Ысык-Көлдөгү жайкы лагерге жөнөттү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.
Эс алуу аз камсыз жана фостердик үй-бүлөлөрдүн балдары, интернаттардын тарбиялануучулары, майыптыгы бар балдар, жетимдер жана турмуштук оор кырдаалда турган балдар үчүн уюштурулган.
Белгиленгендей, балдардын эс алуусуна республикалык бюджеттен 5 млн сом каралган.