Бишкекте жаңы сквердин курулушу аяктады

Бишкектин Алыкулов жана Дэн Сяопин көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы сквердин курулушу аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, жашыл аймак кытай архитектурасынын стилинде кооздолуп, отургучтар оригиналдуу формалары жана ачык түстөрү менен айырмаланат. Ошондой эле тосмонун дубалдарында Циндао шаарынын өзүнүн эскиздери бар.

Курулуш Кытайдын Шаньдун провинциясындагы Циндао шаарынын эли тарабынан каржыланган.

 

Учурда аянтты көрктөндүрүү, бир жылдык гүлдөрдүн композицияларын отургузуу, автоматтык сугаруу системасын орнотуу, жалбырактуу жана бадал өсүмдүктөрүнүн ар кандай сортторун отургузуу иштери жүрүүдө.